Меню Закрыть

УЛУУ МУУНДАН УЮТКУЛУУ САРМЕРДЕН

Көрөрмандардын кызыгуусун арттырган кыз-жигит оюну студенттердин катышуусунда өттү.
Нарын педагогикалык колледжинин кымча белдүү, таланттуу кыздары менен Нарын агрардык-экономикалык колледжинин камчыга сап жигиттери ат салышты.
«Сармерден» оюну байыртадан келе жаткандыктан анын тамыры да, мааниси да терең… Кыргызда кылымдардан эле бойго жетип турган кыз-жигит сармерденден оюн курушуп, бири-биринин өнөрүн, кыял-жоругун сынап, эби менен тамашага салышып, шакылдаган шайыр жеңе менен эптүү жигит эрке бала баарын жайгарып, оюнду кызытып, жөнгө салып турушкан.
Бүгүнкү ыр майрамда тамашалуу ырлар жаңырып, улуттук аспапта кол ойнотуп, макал-ылакап, жаңылмач айтышып, акыйнекти көркүнө чыгара аткарышты.
Бүйүр кызыткан кыз-жигит оюну «Сармерден» мамлекет башчынын «Улуттук нарк» жөнүндө» жарлыгынын алкагында жана 21-март- «Нооруз» майрамына карата НМУ жана Ж.Саалаев атындагы китепкананын демилгеси менен уюштурулду.
Максаты студенттердин башын бириктирип, кыргыздын нарк-насилин, улуттук каада-салты менен салттуу маданиятын даңазалап, унутта калган ыр-күүсүн жайылтуу.
Сармердендин соңунда калыстар тобунун чечими менен НПКнын кыздары 1-орунга, АТЭКтин жигиттери 2-орунга ээ болуп, баалуу сыйлыктар жана белектер менен сыйланышты
НПК медиа борборунун кабарчысы АМИНА АРСТАНБЕКОВА

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *