Меню Закрыть

ОКУТУУЧУЛАР БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунда уюштурулуп жаткан тренингге Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары катышып, билимдерин жогорулатышууда.
Тренингде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон студенттерге психологиялык жана педагогикалык жактан туура мамиле жасоонун ыкмаларын үйрөнүшүүдө.
Бул тренингден окутуучулар аталган студенттердин муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга үйрөнүп чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *