Меню Закрыть

Султакаева Назира Майрамбековна

К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин дене – тарбия жана биология циклдик комиссиясынын жетекчиси

Телефону: (0700) 330427

1984 – жылы  15 – декабрда Ат – Башы районунда төрөлгөн.  2001- 2006 – жылдардын аралыгында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин  «Табигый – илимий билим берүү» кафедрасынын  «Биология, кошумча химия мугалими» адистигин ийгиликтүү аяктаган.

2016 – 18 – жылдары И.Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин  «Табигый – илимий билим берүү»  багытынын биологиялык билим берүү адистиги боюнча магистр  академиялык даражасына ээ болгон.

2005 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык колледжинде биология мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 2006 – жылдан тартып К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде  биология мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

1 илимий макаланы КМУнун «Вестник» №1 (1) 2017 журналына жана түрк дүйнѳсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча  эл аралык конгрессине 1 макала жазып чыгарган.

Сыйлыктары: Педагогикалык колледждин грамоталары жана ыраазычылык каттары, Нарын мамлекеттик университетинин ардак грамоталары, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.