Меню Закрыть

Колледждин тарыхы

       1939-жылы Кыргызстан КП(Б) БК жана Республиканын өкмөтү бийик тоолуу райондордо чарбалык жана маданий курулушту күчөтүү боюнча бир катар токтомдорду кабыл алышкан. Бул токтомдордо облустун эмгекчилерине материалдык-техникалык жана маданий жардам көрсөтүү боюнча атайын чараларды жүргүзүү белгиленген. Кыргыз ССРинде 1939-жылы 33 техникум жана 6 жогорку окуу жайы болгон. Ошол окуу жайларынын бири болуп,   1939-жылы ачылган Нарындагы мугалимдерди даярдоочу окуу жайы саналат. 1951-1955-жж. мугалимдер институту, 1955-жылы кайрадан педагогикалык окуу жайы. 1969-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институттун карамагына кошулган, бирок 1965-жылы андан бөлүнүп кайрадан Нарын шаарына көчүрүлгөн. 1996-жылдын 22-майынан тартып окуу жайы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы  структуралык бөлүм болуп кирген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 7-августунда №487/1 буйругунун негизинде НМУнун алдындагы  Нарын педагогикалык окуу жайынын аталышы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледж болуп өзгөртүлгөн.

К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи узак жылдар бою Тянь-Шань өрөөнүндө «ЭЛДИК УНИВЕРСИТЕТ» катары эсептелип келген. Теңир-Тоо аймагында элге билим берүү, кадрларды даярдоо боюнча бирден бир окуу жайы болгон. Педагогикалык колледж өзүнүн тарыхында, ишмердүүлүгүндө орто кесиптүү адистерди ийгиликтүү бүтүрүп келет, азыркы күнгө чейин облуста, республикабыздын бардык булуң-бурчунда үзүрлүү эмгектенип жаткан башталгыч класстын мугалимдерин, бала бакчанын тарбиячыларын, дене тарбия мугалимдерин, техник-программист, социалдык педагог, чыгармачыл коллективдин жетекчисин, мугалимин окутуп, тарбиялап, даярдап келүүдө.

 Педагогикалык окуу жайдан көптөгөн атактуу инсандарыбыз окуп бүткөн: алар кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев, Кочкор районундагы Талаа-Булак  орто мектебинин мугалими Социалисттик  эмгектин  баатыры Көкөбай Мамбеталиев,       Ат-Башы районундагы Социалисттик эмгектин баатыры Апыш Койчуманов, жазуучу Нинакан Жүндүбаева, философия илимдин доктору Асанбек Табалдиев, тарых илимдеринин доктору Өмүракун Акылбеков, физика – математика илиминин доктору Дүрбөлөң Мамбетов жана башкалар.