Меню Закрыть

Туулган жылы:        1979-жыл 24-июль

Туулган жери:          Нарын облусу Нарын району, Оттук айылы

Улуту:  Кыргыз

Билими: Жогорку, магистр

Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы. Жубайы Молдалиева Медина математика мугалими.

Бүткөн окуу жайы жана адистиги:         

  • К. Тыныстанов атындагы Ысык — Көл мамлекеттик университети – 2001-жыл. Тарых жана социалдык экономикалык       дисциплиналар боюнча окутуучу.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы – 2013-жыл, Билим берүүнү башкаруу менеджменти.

Жалпы эмгек стажысы:  20  жыл

Категориясы: жогорку

Кайсы тилдерде сүйлөйт:  Кыргыз, орус тили.

          Иш тажрыйбасы:

  •   2001-2003- жылдары Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинде тарых, адам жана коом мугалими. , Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун координатору. 
  • 2003-2006-жылдары    Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары.
  • 2006-жылы райондук билим берүү бөлүмүнө 1-категориядагы адис кызматына  кабыл алынган. 
  • 2007-жылдын сентябрь айынан тартып Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы.     
  • 2012-жылдан тартып Нарын районунун бир катар мектептеринде,  алсак 2012-2014 –жылдары Э.Токсобаев атындагы орто мектебинде, 2014-2015-жылдары А.Жутакеев атындагы орто мектебинде, 2015-2018-жылдары Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинде, 2018-жылдан бери карай Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде директор.
  • 2022-2023-окуу жылында мектепте мугалим жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу  кызматын аркалаган.
  • 2023-жыл К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору.

Тренерлик ишмердүүлүк боюнча:

  • 2004-жылдан тартып IFES (Шайлоо системаларынын Эл аралык фондусу) «Жарандык билим берүү» долбоору боюнча тренер.
  • 2005-жылдан тартып IFES эл аралык уюмунда Шайлоо системалары боюнча тренер.
  • 2009-жылдан тартып «Сапаттуу билим» долбоорунда мугалимдердин усулдук чеберчилигин жогорулатуу боюнча тренер, эксперт.
  • 2010-жылдан тартып «Ала Тоо» өнүктүрүү борборунда мугалимдердин усулдук чеберчилигин жогорулатуу боюнча тренер.
  •  2017-жылдан тартып «Келгиле окуйбуз» долбоорунда мугалимдердин усулдук чеберчилигин жогорулатуу боюнча тренер.   

Сыйлыктары:     

  • Нарын райондук билим берүү кызматкерлер профсоюзунун (2006) «Ардак грамотасы»
  • Нарын аймактык билим берүү башкармалыгынын (2007) «Ардак грамотасы»
  • Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн (2007-2011) «Ардак грамотасы»
  • Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясы “Жамааттардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” долбоорунун(2007) «Ардак грамотасы»
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (2010-2014) «Ардак грамотасы»
  • Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун (2021) «Ардак грамотасы»
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин «Ардак грамотасы»
  • АКШ элчилигинин Сыйлоо сертификаты.
  • “Кесиптик бирлик уюмунун мыктысы” төш белгисинин ээси.
  •  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. (2022)
  •  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, Нарын районунун Ардактуу атуулу наамынын ээси.

Сертификаттары:

         «Совместное изучение потребностей общин», «Разработка проекта» (Каунтерпарт Концорциум), «Гуманизм аркылуу тынчтыкка» (Кызыл крест коому), «Нарушение избирательного процесса, обучение разрешение — EVER» (IFES, FTI), «Жарандык билим берүү курсу» (IFES), «Улущение школы» (ПИКС), «Фандрейзинг, Финансовая устойчивость» (Каунтерпарт – концорциум), «Интернет  Саясатынын Элдик Демилгеси»  Коомдук фонду «Компьютерлик сабаттуулукту жогорулатуу» курсу, “Инновационные технологии обучения в школе” (КАО-ФПОИ), “Лидерство в обучении, Куррикулум” (МОиН КР – АБР), “Тренинг для тренеров курсов повышения квалификации педагогических кадров”(USAID – проект Сапаттуу Билим), АКШнын конгресси тарабынан колдоого алынган “Открытый мир” программасынын катышуучусу, «Управление и финансирование в школьном образовании» (КР МОН  — Проект весмирного банка «Поддежка реформ сектора образования в Кыргызской Республики», MSDSP KG Агахан демилгеси фондусу «Машыктыруучулук чеберчиликтин негиздери»

Илимий иштери:    

  • Мектептерди башкарууну реформалоо (Нарын районунун Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин мисалында)
  •  USAIDдин «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында «Педагогикалык лидерлик, насаатчылык жана мониторинг»
  •  «Окутуунун сапатын башкаруу» мектеп жетекчилигин курстан өткөрүү үчүн курстар үчүн колдонмону иштеп чыгууга катышкан.

            Асылбеков Казыбек мектептерди жетектеп турган учурда Нарын районундагы Э.Токсобаев атындагы орто мектеби республикалык “Мыкты айылдык мектеп”, республикалык XXI кылымдын интеллектуалы сынагынан баш байге, Омор уулу Кожоке атындагы орто мектеби XXI кылымдын интеллектуалы сынагынан, “Чилистен” сынагынан  баш байге, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби республикалык “Мыкты жамааттык медиа борбор” сынагынан баш байге, райондук “Мыкты мектеп” сынагынан баш байге жеңип алган.

                Мындан тышкары 2009-жылы АКСЕЛС уюмунун «Ачык дүйнө» программасына катышып, Америка Кошмо Штаттарына баруу жолдомосун утуп алган. Ушул эле жылдын сентябрь айынын тогузунан он тогузуна чейин аталган өлкөнүн билим берүү системасы менен таанышып кайтты.

  • 2009-жылы АКСЕЛС уюмунун «Ачык дүйнө» программасына катышып, Америка Кошмо Штаттарына баруу жолдомосун утуп алган. Ушул эле жылдын сентябрь айынын тогузунан он тогузуна чейин аталган өлкөнүн билим берүү системасы менен таанышып кайтты.
  • 2011-жылы “Сапаттуу ийрим – татыктуу билим” долбоору боюнча АКШнын элчилигинен грант утуп алып ушул долбоорду ишке ашырган.
  • 2015-жылы Кыргыз Республикасыныын билим берүү системасында эмгектенген кызматкерлердин делегациясы менен Сауд Аравиясынын билим берүү тажрыйбалары менен таанышып кайткан.
  • 2023-жылы ШОСко мүчө өлкөлөрдүн жаш журналисттеринин жайкы лагерине окуучулары менен катышып кайтты.
  •  Э.Токсобаев, А.Жутакеев, Омор  уулу Кожоке, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептерине республикалык бюджеттен, эл аралык уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн миллиондогон инвестиция тартууга жетишип мектептин инфрастуктурасын жакшыртууга жетишкен.
  •  «Мектеп турмушундагы педагогикалык лидерлик, насаатчылык жана мониторинг», «Окутуунун сапатын башкаруу» аталышындагы мектеп жетекчилери үчүн колдонмонун автору.