Меню Закрыть

  

Маштаева Асель Маликовна

Коомдук гуманитардык циклдык комиссиясынын жетекчиси

телефону: (0706)  718571  

1985-жылы 26-октябрда Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган.

1993-2003 жылдар аралыгында Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган.

2004-2009 жылдар аралыгында С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин «Тил таануу » факультетинин «Кыргыз тили жана адабияты » адистигин артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган.

2009- жылдын сентябрь айынан баштап К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде мугалим болуп эмгектенген.

2009-жылы Нарын мамлекетик университетинин аспирантура бөлүмүнө тапшырып аны 2012-жылы аяктаган.

2(эки) илимий макаланы НМУнин «Вестник» журналына жазып чыгарган.

Маштаева Асель Маликовна кайсы кызматты кайсы жерде аркалабасын дайым өзүн жоопкерчиликтүү, билгич, эл менен иштей билген кызматкер катары көрсөтө алды. Өзүнүн  эмгеги үчүн Маштаева Асель Маликовна көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Айтсак, НМУнун ардак грамотасы, педагогикалык колледждин ыраазычылык каттары, окуудагы сертификаттары, Аялдар конгрессинин «Асылзат Нуру» коомдук фондунун «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиси менен сыйланган.