Меню Закрыть

«ОКУУ КЕРЕМЕТ» ДОЛБООРУНУН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

«Окуу керемет!» долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери» аталышында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун алкагында өз ишиндеги жетишкен натыйжалары менен бөлүшүп, башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын, туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Тегерек стол НМУнун ректорунун, Нарын облусунун 5 райондук билим берүү бөлүмдөрү менен окутуунун жаңы усулдарынын жана болочок мугалимдерди даярдоонун туруктуулугу жана алардын Нарын облусунун мектептеринде практика өтүшү жөнүндө макулдашууга кол коюшу менен жыйынтыкталды.
Бул иш-чарада К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин отчеттук видеосу жана «Окуу керемет» долбоорунун алкагындагы ишмердүүлүгү презентацияланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *