Меню Закрыть

АЯЛЗАТЫНЫН ДЕН СООЛУГУНА АРНАЛГАН СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университети менен биргеликте «Эже -сиңди» аталышындагы маалыматтык семинар болуп өттү. Семинардын журүшүндө ПРООНдун гендер боюнча адиси Бермет Убайдиллаева «Эл аралык аялдар күнүнө» кыскача баяндама жасады. Анда Кыргызстандагы аялдардын азыркы абалы (Гендердик теңчилик) жөнүндө болду. Ал эми Кореа мамлекетиндеги EWHA Аялдар университетинин бүтүрүүчүсү, изилдөөчү Гузел Бекенова “Кыргызстандагы энелердин өлүмү: Үч кечиктирүүнүн контекстинде аныктоочу факторлорду иликтөө модели», Аялдардын репродуктивдүү ден соолугунун абалы боюнча акыркы жыйынтыктар (Q&A) боюнча кенен маалымат берди.
Аталган семинарга Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары да катышып келишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *