Меню Закрыть

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында уюштурулган иш сапардын жүрүшүндө К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин администрациясы И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык- педагогикалык колледжи, IT колледжи жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин практика, окуу процесси, тарбия иштери жана сапат-менеджмент борборундагы жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыкты.
Муну менен катар жетекчилер колледждер ортосундагы документ иштери, окуу процессиндеги бирдиктүү система, жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктүн окшоштуктары жана айырмачылыктары тууралуу тажрыйба алмашып, кенен пикир алышып, айрым колледждер менен биргеликте иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *