Меню Закрыть

КОЛЛЕДЖДЕР ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында 2024-жылдын 2-апрелинен 2-майына чейинки кыска мөөнөттүк академиялык мобилдүүлүккө Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин «Чет тили» жана «Дене тарбия» адистигинин студенттери барышты.
Максаты — илим жана билим айдыңында тажрыйба, программа алмашуу, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо, теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүү болмокчу.
Алыстан барган Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине мыкты шарт түзүп берген Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *