Меню Закрыть

КОНОК ЛЕКЦИЯ

Нарын педагогикалык колледжинин англис тили мугалими М.Дюшекова Т.Эрматов атындагы БМПКнын «Чет тили» адистигиндеги 2-курстардын студенттерине “Башталгыч класстарда англис тилин окутууда МКТны (ИКТ) колдонуунун ыкмалары” темасында конок лекция өттү.
Сабактын максаты: Заманбап коомдо англис тилинин ролу барган сайын өсүп жаткандыгы, англис тилин билүү жаштарга дүйнөлүк маданиятка кошулууга, өз ишмердүүлүгүндө глобалдык интернеттин кеңири ресурстарынын потенциалын пайдаланууга, о.э. башталгыч класстарга англис тилин окутууда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жана мультимедиялык окуу куралдары менен иштөөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болду.
Конок лекциянын соңунда Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин жетекчилиги М.Дюшековага ыраазычылык кат тапшырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *