Меню Закрыть

СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГДОРДУН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ

«ЗАМАНБАП МЕКТЕП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ СОЦИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШТИН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА ПРАКТИКАСЫ» аталышындагы курс бүгүн 1-күнкү окутуусун баштады.
Аталган курска алыскы райондордогу мектептердин социалдык педагогдору келишти.
Социалдык педагогдордун иш-аракетинин негизги максаты жана иш багыттары тууралуу маалымат берилип, көйгөйлүү маселелер тууралуу суроо-жооп иретинде ой бөлүшүштү.
Социалдык-педагогикалык иштин эң негизги багыттарынын бири — оор кырдаалга кабылган баланын социалдык калыптанышы үчүн шарттарды түзүү жана ага жагымдуу, педагогикалык жактан максатка ылайыктуу социалдык чөйрөнү түзүү, шарттарды камсыз кылуу, өспүрүм балдардын девиацияга учуроо себептери жана педагогдун жардамы кандай болуш керек деген суроолордун айланасында ой бөлүшүү башкы максат болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *