Меню Закрыть

БИЛИМ МЕНЕН БИЙИККЕ….

Эл аралык деңгээлдеги эксперт, коуч МЫРЗА КАРИМОВДУН «Билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасы билим берүү тармагында — кесипке даярдоо стратегиялары» аталышындагы конок лекциясы Нарын педагогикалык колледжинин жетекчилигине, окутуучуларына жана студенттерине уюштурулду.
Кадрларды кесипке даярдоого талаптарды жана учурдагы стандарттарды эске алуу менен билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонуунун негизинде окуу процессин пландаштыруу, эффективдүү уюштуруу, сапатын анализдөө, окуу жайды баалоо жана окуу жайдын репутациясын жөнүндө кенен баарлашуу жүрдү.
Автордун: «Өмүр бою билим ал», «Мыкты мугалим болуу — ар бир адамдын өзүнөн» деген сөздөрү студенттердин келечекке болгон көз карашын өзгөртүп, дүйнө таанымын кеңейтип, шыгын ойготту.
Суроо-жооп иретинде уюштурулган бул иш-чаранын соңу активдүү катышкан студенттерге өзү менен бирге ала келген белектерин тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *