Меню Закрыть

СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГДОРГО УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР УЛАНУУДА…

Семинардын модераторлору НАЗИРА САГЫНБАЕВА жана НАЗГҮЛ ЖУМАГУЛОВА бүгүнкү семинарда «ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ЖАНА АЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ» темасынын айланасында өз билимдери менен бөлүштү. «БУЛИНГ жана КИБЕРБУЛИНГ» социалдык педагогдордун көйгөйлүү маселелеринин бири экендиги талкууланды.
Физикалык зомбулук, психологиялык зомбулук жана сексуалдык зомбулук туурасында ой бөлүшүү катышуучулардын активдүүлүгүн арттырып, коомдогу глобалдуу маселердин бири экендигин тастыктап турду.
Нарын райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА СУЛТАНАЛИЕВА ата-эне, бала жана класс жетекчи менен биргеликте иш алып баруудагы соцпедагогдун ишмердүүлүктөрү тууралуу кенен маалымат берип, өз практикасы менен бөлүштү.
Облустук деңгээлде уюштурулуп жаткан бул семинарды жыйынтыктап, өз билимдери менен бөлүшүп, соцпедагогдордун билимин өркүндөтүүгө зор салымдарын кошкон модераторлорго терең ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *