Меню Закрыть

Мугалимдерге ыраазычылык

Дүйшөн Шаматов агайдын демилгесин улай
Жалпы эмгек стажым 22 жыл болду. Бул бир караган адамга балким узак, балким кыска. 4 мектепте директор болдум, райондук билим берүү бөлүмүндө адис, методист, директордун орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы, тренер, эксперт болдум. Учурда Нарын педагогикалык колледжинде директор болуп иштеп жатам.
Кыскасы, канча жылдан бери МУГАЛИМ деген ыйык кесипти аркалап, МУГАЛИМ деген ардактуу кесиптин ээлери менен үзөңгүлөш болуп иштеп келдим. Мен өтө сыймыктанам, себеби, мен ушул ыйык кесиптин ээси болуп, «Келечектин дарыгерлери менен» чогуу табакташ болуп иштеп келгениме.
Ошол мезгилден бери мугалимдердин баскан турганы, кылган аракети, бала үчүн күйүп бышкан сезимталдыгы менен таң калтырып келет. Кээде тамашалап калам, — эгер мугалим жашы өткөндө бала кыял болуп калбаса, ал чыныгы мугалим эмес — деп. Себеби, бала менен бала болуп, алар менен чогуу жүрүп, бала кыял болуп, кээ түшүнбөгөн адамдар үчүн чоңойбой калган апенди чалыш бирөөнү элестетип коебуз. Бирок, мугалимдер келечек муун үчүн канчалык күйүп бышып, канчалык сарсанаа болуп иштеп жатат, аны мугалим болгон адам гана биле алат. Башка эле бирөөнүн баласы үчүн талашып тартышат, анын намысын коргойт. Ыйлайт. Түн уйкудан калып бир нерсе жасайт. Ыраматылык СССР тарап кеткенде канчалаган ишкана, мекемелер таланып, тонолуп кетти. Жашоосун токтотту. Бирок бир гана мугалимдердин күчү жана эмгеги менен мектептер сакталып калды. Мугалимдер айлык алган жок, үйүнө деле жакшы көрүнгөн жок, бирок билим берүүнү жоготкон жок. Ар кимге кайырчы болуп акча чогултуп мектепти эптеп ремонт кылды, эптеп сактап калды. Бул үчүн Кыргызстан, эл, баардык муундар мугалимдерге карыздарбыз!
СССР мезгилинде бийлик, театр, кино, көчө, эл баары биригип балдарды тарбиялашса, орто жерде жалгыз мугалим, мектеп калды. Кайран кыргыздын — Кимдин баласысың? Урууң кайсы? Жети атаң ким? — деген суроолор — Кайсы мектепте окуйсуң? Класс жетекчиң ким? — деген суроолорго алмашып калды. Ошондо дагы мугалим ишин уланта берди.
Мугалимди баарылап сөктүк, тептик, тебеледик — бирок анда деле мугалим келечек муун үчүн иштей берди.
Ошондуктан айтаарым, МУГАЛИМ деген ыйык сөз, ага сөз тийгизбейли! Туура адамда кемчилик болбой койбойт, кемчилик бар, «жаман эл болбойт, жаман адамдар болот» — дегендей жаман адам болушу мүмкүн. Анда Казыбекти, Эшматты, Ташматты сөгөлү, бирок МУГАЛИМ деген ыйык сөзгө тийишпейли!
Адам үчүн эң башкы мотивация бул жылуу мамиле, миллион сом төлөп берсең дагы жылуу сөздөй боло албайт. Акчаны көбөйтүп анан, — «айлыгың көбөйүптүр эми иште» — деп сөккөндөн көрө, жылуу мамиле кыл. Сыйла, урматта!
Мугалим, мектептин кадыры болбосо билимдин кадыры болбойт. Билимдин кадыры болбосо мамлекеттин келечеги жок. Андыктан, мугалимди ардактайлы! Аябай жаман көргөн мугалим болсо да балаңдын көзүнчө жамандаба, ал өз балабыздын билим алуусуна бөгөт болот!
Кыргыздын кылымдар бою сакталып келүүсүнүн бир сыры, ар кыргыз кийинки муунга устат, мугалим, тарбиячы эле… Бул менин балам эмес дебей, баарылап балдарды тарбиялоого киришели! Ошондо гана мугалимдин эмгегин жон териңиз менен сезесиз!
Бар болгула ардактуу агай эжейлер! Мен сиздер менен сыймыктанам!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *