Меню Закрыть

КЫЗМАТТАШТЫК — КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ

Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи студенттердин татыктуу билим алуусуна бир катар жакшы шарттарды түзүп берүүдө. Маселен, окуу жайда дене тарбия адистигинде окуган студенттердин саны жыл санап өсүп жаткандыктан, Нарын шаарынын «С.Бекманбетов атындагы ЭКБАОРБӨСМ» директору К.М.Токторалиев, Нарын шаарынын «Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин» директору Э.Мусаев, Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинин директору К.Болотакунов, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директору К.Чымылдаковдор К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык окуу жайынын директору К.Э.Асылбеков менен кызматташтык келишимине кол коюшту.
Келишимдин негизинде ортодогу өз ара кызматташуу жана тыгыз байланышты өркүндөтүү башкы максат болду.
Мындан ары спорттук иш-чараларды жана тийиштүү долбоорлорду биргелешип уюштурушмакчы.
        

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *