Меню Закрыть

«МАНАС» ЭПОСУ-ЭНЕ ТИЛИБИЗДИН АЛТЫН КАЗЫНАСЫ

Нарын педагогикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими М.Абдракунова 23-сентябрь КРнын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганынын 34 жылдыгына карата «Манас» эпосу — эне тилибиздин алтын казынасы» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөздү.
Таймашка «Улуу көч» жана «Каныкей» командалары катышып, «Манас» эпосунан үзүндү аткарып, көөнө сөздөрдү чечмелеп, Манас айтып, кыргыз тилинин тагдыры — «Манас» эпосунун тагдыры менен тамырлаш экенин чагылдырып беришти.
Соңунда калыстар тобунун чечими менен «Каныкей» тайпасы жеңишке жетип, грамота жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *