Меню Закрыть

1-октябрь -«Эл аралык карылар күнүнө» карата спорттук мелдештер

Нарын шаарында 1-октябрь -«Эл аралык карылар күнүнө» карата спорттун 4 түрү боюнча облустук деңгээлде мелдештер өткөрүлдү.
Мелдешке Нарын педагогикалык колледжинен 45 жаштан жогорку курактагы окутуучулар жана кызматкерлер активдүү катышып, өз күчтөрүн сынашты.
Спорттун ардагери, жеңил атлетика жана триатлон боюнча республикалык жана Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Нарын педагогикалык колледжинин дене тарбия мугалими Т.Шааева волейбол, шахмат жана теннис оюндарына катышып, облустук спорт башкармалыгы тарабынан 20 000 сомдук акчалай Сертификатка ээ болду.
Ошондой эле М.Татыбекова, К.Султанова, Б.Айтбаев ж.б. кызматкерлер диплом, грамота жана сыйлуу белектердин ээси болушту.
Сиздерге таазим жана алкыш!
    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *