Меню Закрыть

ЖАШ ЖАРАН МЕКТЕБИ ДОЛБООРУ

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агентствосунун (USAID) колдоосу менен Жаш Жаран мектеби долбоору боюнча 2024-жылдын 25-26-27- апрель күндөрү Нарын шаарында семинар уюштурушту.
Бул долбоорго Нарын педагогикалык колледжинин студенттери БАКТЫБЕК КЫЗЫ НАРИМА, ТЫНЫМСЕЙИТОВА ЭРКАЙ, ТУРДУБЕКОВА АДИНА, жана ШАЙЫМОВ ДЕНИС катышып, мамлекеттик башкаруу, адам укуктары, шайлоо процесси, саясий укуктар менен эркиндиктерди жүзөгө ашыруу, шайлоодо инклюзиянын баалуулугу, жаштардын арасында жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жаатында билим алышты.
Эске салсак, Жаш Жаран мектеби — бул Кыргызстандын жаштары үчүн лидерлик сапаттарын ачуу үчүн, ошондой эле коомдун алдында турган көптөгөн курч социалдык, саясий, гендердик жана экономикалык көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө платформасы болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *