Меню Закрыть

МЕКЕН КЕЛЕЧЕГИ — ЖАШТАР, КООМДУН КҮЗГҮСҮ — СТУДЕНТ

Бүгүн 17-ноябрь — «Студенттердин Эл аралык күнү» жана 10-ноябрь — «Жаштар күнүнө» карата М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында студенттерди жана жаштарды Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы- акимдин орун басары Анара Орозказиева куттуктап, жүрөгүндө жалыны күйүп турган жаштардан жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон мыкты инсандардан болушун каалап, билим алууга умтулууга чакырып, алдыга бийик максаттарды коюу жана ага жетүү үчүн аракеттенүүгө үндөштү. Ошондой эле жаштарга шык, дем берүү максатында активдүү жаштарды жана мыкты окуган студенттерди «Ардак грамота», «Ыраазычылык каттар», менен сыйлашты.
Аталган сыйлыкка Нарын педагогикалык колледжинин жаш окутуучулары: Н.СУЛТАКАЕВА, Э.МУКАШОВА, Б.ТУРДИЕВ жана мыкты студенттер: МАЙРАМБЕК УУЛУ ЭРНИС, ЖОЛОМАНОВА АЙЖАМАЛ жана КЕНЖЕБАЕВА ТАХМИНА сыйланышты.
Жаштарды куттуктоодо М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын, Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жана Нарын райондук маданият бөлүмүнүн таланттары мыкты маанай тартуулап, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *