Меню Закрыть

ДЕН СООЛУК КӨРКҮ — СПОРТ

10-ноябрь — «Жаштар күнү» жана 17-ноябрь — «Студенттердин Эл аралык күнүнө» карата КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн байгесине арналган жаштар арасындагы спорттук мелдеш өттү. Биринчи ирээт өтүп жаткан иш-чарада спорт сүйүүчүлөрү таяк тартыш, кол күрөш, стол үстүндөгү теннис жана шахмат оюндары боюнча күчтөрүн сынашышты. Катышуучулардын жаш курагы 18 жаштан 35 жашка чейинкилер болду.
Бул мелдешке Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты.
Таяк тартыш — 2-орун: ИМАНАЛИЕВА СЕЗИМ;
Кол күрөш — 2-орун: РАХАТБЕК КЫЗЫ САЛКЫН;
Шахмат оюну — 3-орун: ТЫНЧТЫКБЕК КЫЗЫ ДАМИРА.
Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу сыйлыктарга арзышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *