Меню Закрыть

Борбордук Азия университети, Салымбеков университети менен кызматташуунун алкагында.

Бүгүн Нарын педагогикалык колледжинин демилгеси менен уюштурулган конок лекцияга Салымбеков университетинин Билим жана инновация мектебинин директору Адилет Абдыбачаев студенттерге билим жана кесиптин маанилүүлүгү жөнүндө маек курду.
Конок катары Борбордук Азия университетинин корпоративдик билим берүү бөлүмүн башчысы Мырза Каримов «Билим берүүнүн сапаты мугалимден» аталышында лекция окуп, кызыктуу маек курду.
М.Каримовдун конок лекциясына Нарын педагогикалык колледжинин директору К.Асылбеков, окуу бөлүм башчысы Ж.Кадырова, окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.
М.Каримов өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кандай гана окуучу болбосун окууга жөндөмдүү экенин жана ар кандай ыкмаларды жогорку деңгээлде колдонуп окутуу мугалимден көз каранды экенин баса белгиледи.
Лекциянын соңунда студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, жылуу пикир калтырды.
Окуу жайдын студенттери жана жалпы жамааты өз ойлору менен тең бөлүшүп, агайга терең ыраазычылык билдиришти.
Борбордук Азия университетине, Мырза Каримов агайыбызга, Салымбеков университетинин билим жана инновация мектебине терең ыраазычылык билдиребиз!
НПК-Ньюс медиа борборунун кабарчысы: Жусупова Айчолпон
   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *