Меню Закрыть

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ….

6.12.2023-ж. Нарын педагогикалык колледжинин директору Казыбек Эсенгулович жана окутуучу М.Дюшекова Борбордук Азия Университетинин (БАУ) гуманитардык жана так илимдер Мектебинин деканынын орун басары Доктор Сохейил Ашрафи жана Академиялык англис тилинин ага окутуучусу Станислав Загороднев менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда кызматташуунун келечектеги пландары талкууланып, колледждин студенттерине “Медиа сабаттуулук” боюнча курстарды окутуу, тажырыйба алмашуу боюнча иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү, ошондой эле БАУнун студенттери менен биргеликте медиа проектилерге катышуу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул мүмкүнчүлүк студенттердин жөн гана кесипкөй мугалим эмес, заман талабына ылайык өзүнүн тажрыйбасын коомчулукка жарыялоо, онлайн сабактарды уюштуруу, өз эмгектерин атайын порталдарга жайгаштыруу, видео сабактарды жасоо сыяктуу тажрыйбаларга ээ болмокчу.
Мындан тышкары, НПКнын англис тили окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу максатында курстук окутууларга катышуу каралды. Ар кандай маданий массалык иш-чараларды биргеликте өткөрүү сунуштары талкууланды.
Биргелешип иш алып барууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Борбордук Азия университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *