Меню Закрыть

«АКЫЛ МАЙДАНЫ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек орто мектебинде «Акыл майданы» окуучулар аралык интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Оюнга Нарын районундагы бардык мектептерден командалар катышып, окуучулардын билим деңгээлин текшерген кызуу таймаш жүрдү.
Бул интеллектуалдык оюнга конок катары Нарын педагогикалык колледжинин директору Асылбеков Казыбек Эсенгулович, окутуучу Мээрим Дүйшеева жана НПК-Ньюс медиа борборунун кабарчылары чакырылды.
Таймаштын жүрүшү калыстар тобунун адилеттүү чечими менен бааланды.
Өлкөбүздүн келечеги үчүн билимдүү жаштар өсүп келе жаткандыктарын алдыга озуп чыгып, байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар айгинелеп турду.
Соңунда Нарын педагогикалык колледжинин окутуучусу жана студенттери сыйлык тапшырып, окуучуларга кең келечек, терең билим, бекем ден соолук каалашты.
Аталган иш-чараны мыкты деңгээлде уюштуруп, демөөрчүлүк кылган Түгөл уулу Усупбек орто мектебин бүтүргөн жигиттерге жана Мира эжеге терең ыраазычылык жана ден соолук каалайбыз.
Белгилей кетсек,
Өрөөндөр аралык:
1-орун Элита. А. Жутакеев о.м. — 27 упай
2-орун Бир күч. Ж. Иманалиев о.м. — 26упай
3-орун Тыныбекстан. А. Тыныбекстан о.о. — 20упай
Түгөл уулу Усупбек мектебинен:
1-орун Нуска 19 упай
2-орун 4 girls 17 упай
3-орун Slay 17 упай менен байгелүү орундарга ээ болушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *