Меню Закрыть

КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТЫН УСТАТТАН АЛГАН УСУЛУ МЕНЕН

2023-жылдын 3-ноябрь күнү Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы мектептин базасында окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү Социалисттик Эмгектин Баатыры Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими Апыш Койчумановдун 100 жылдыгына арналган «Башталгыч билим берүүдө көрсөтмө куралдарды колдонуунун технологиясы» аталышында Нарын облусу боюнча башталгыч мектеп мугалимдеринин арасында сынак өткөрүлдү.
Сынакта баш байгени Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү Ак-Талаа районунан Ашыркожоева Сайра, Кочкор районунан Үсөналиева Салтанат ээ болушту.
Конкурсту уюштурган профессор Т.М.Сияевге, демөөрчүлүк кылып колдоп берген НМУнун ректору Эрмек Байбагышов Мураткановичке жана Апыш агайдын үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *