Меню Закрыть

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ БӨБӨКТӨРГӨ АРНАЛДЫ

Нарын педагогикалык колледжиндеги «Тынчтык» клубунун мүчөлөрү жана парламенттеги студенттер тарабынан уюштурулган Жаңы жылдык концертке аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөдөгү бөбөктөр чакырылды.
Кечеде жаш бөбөктөрдүн маанайын көтөрүү максатында НПКнын жалпы окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган таттуу белектер таратылып, Аяз ата менен Аяз кыздын коштоосунда кызыктуу оюн-зоок өткөрүлүп, жетелешкен бөбөктөр балаты тегеренип ыр ырдап, бий бийлешти.
Баса белгилей кетсек, окуу жайдагы көп балалуу студенттердин жана жалгыз бой энелердин балдарына көңүл буруу башкы максат болду. Бала жылмайса, аалам жылмаят демекчи бөбөктөрдүн келечеги кең, кең дүйнөсү жарык болсун.
Иш-чараны уюштуруп жетектеген НПКнын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.М.Сыдыгалиевага терең ыраазычылык билдиребиз.
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *