Меню Закрыть

РАМАЗАНДЫН СПОРТТОГУ ИЙГИЛИГИ

Нарын шаарындагы «Газпром балдарга» спорт комплексинде Грек-рим күрөшү боюнча «Спорт- рекетчиликке каршы» аталышында Нарын облусунун окуучулар арасында биринчилиги болуп өттү.
Анын максаты Грек-рим күрөшүн окуучулар арасында жайылтуу, спортчулардын достук биримдигин арттыруу жана окуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу болду.
Аталган мелдешке Нарын педагогикалык колледжинин дене тарбия адистигинин 1-курсунун студенти Тилеков Рамазан катышып, өз салмак категориясы боюнча жеңишке жетишип, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
ЖЕҢИШИҢИЗ КУТ БОЛСУН! ОКУУДАГЫ ЖАНА СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙБЫЗ!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *