Меню Закрыть

НАРЫН ШААРЫНДА БИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Нарын шаарында Салымбеков Университетинин алдындагы Билим жана инновация борбору ачылды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, IT адистери, Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары жана студенттери катышты. Мында Америка Кошмо Штаттарындагы ири компанияларда иштеген тажрыйбалуу IT адистери, дүйнөлүк аренада атаандаша алган программисттер сабак беришет. Аталган билим берүү борборуна 1-ноябрдан тарта кабыл алуу башталат.
Иш чаранын жүрүшүндө Нарын педагогикалык колледжи Салымбеков университети менен биргеликте тыгыз иш алып барып, үзгүлтүксүз иштешүү максатында меморандумга кол коюп, өнүгүүгө карай бирге кадам таштоого макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *