Меню Закрыть

КЫЗМАТТАШТЫК ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору менен «Мектептерди башкаруудагы демократия жана санариптештирүүнүн ролу» аталышындагы иш берүүчүлөргө арналган жолугушуу семинары болуп өттү. Семинарга мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунда курстан өтүп жаткан Нарын облусунун мекеме ишканаларынын жетекчилери жана курстун жетекчиси Кенжеке Кадыралиева катышты. Семинар-тренингди К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык коледжинин башчысы Казыбек Асылбеков өттү.
Семинардын жүрүшүндө заманбап мектепти башкаруунун ыкмалары, демократия жана санариптештештирүүнүн ролу тууралуу жана колледждин алып барып жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышып, тажрыйба алмашуу максатында ойлорун ортого салышты. Мындай ар тараптуу пикир алышуулар, тарапташтардын иш планын ишке ашырууга өбөлгө болмокчу.
         

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *