Меню Закрыть

КЫЗМАТТАШТЫК

Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун жетекчиси Н.У.Айыпова , 14 — «Алтын Балалык» бала бакчасынын башчысы К.С.Токтосеитова, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык китепканасынын жетекчиси А.Байгабатова, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы К.Мамытов, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Апсалиева жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык Академиясынын Нарын облусундагы филиалынын жетекчиси Р.М.Турдалиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исаковалар К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору К.Э.Асылбеков менен кызматташтык келишимине кол коюшту. Келишимдин негизинде ортодогу өз ара кызматташуу жана тыгыз байланышты чыңдоо башкы максат болду. Бүгүндөн баштап ар кандай иш-чаралар, тийиштүү долбоорлор биргелешип аткарылмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *