Меню Закрыть

КОНОК ЛЕКЦИЯ

«Ата Түрк» бала бакчасынын жетекчиси Тинатин Жунушбаева Нарын педагогикалык колледжинин «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттерине лекция өтүп берди.
Лекцияда тарбиячынын милдет, максаттарын түшүндүрүү менен бирге ар бир бала талантуу жана гений экенин тастыктады.
Ошондой эле баланын көрүү мейкиндигин көбөйтүү, бир секундда окуу, көрүп айтуу жана тарткан сүрөтү боюнча баланын психологиясын аныктоо методикасы боюнча кеңири ой бөлүшүп, студенттер менен бирдикте көнүгүү аткарышты.
Лекциянын жыйынтыктап жатып Тинатин Жунушбаева Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү экенин баса белгилеп, талыкпай окуу, изденүү, үзгүлтүксүз билим алуунун натыйжасында ийгиликке жеткен сырлары менен бөлүштү жана студенттерге келечекке карай жакшы мотивациясын берди .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *