Меню Закрыть

КЕЛЕЧЕК МУУН ҮЧҮН ЭҢ ЖАКШЫ МОТИВАЦИЯ — ИШЕНИМ.

Үстүбүздөгү жылдын 22 -февраль күнү Нарын педагогикалык колледжинин алдында түзүлгөн «Келечек лидери» командасынын презентациясы өттү.
Ал калаабыздагы орто мектептердин директорлорунун катышуусунда Нарын шаардык Билим берүү бөлүмүндө уюштурулган. Бул долбоор «Келечек жаштардын колунда» деп аталып, максаттуу ишке ашты.
Аталган жолугушууда мектеп окуучуларынын коомдогу орду, азыркы болуп жаткан көйгөйлөр туурасындагы ой пикирлер ортого салынды. Иш-чара директорлордун кызыгуусун жаратып, жылуу пикирлер айтылды.
«Келечек лидери» командасынын долбоорун презентациялоого мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Нарын шаардык Кеңешине, Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаарды Билим берүү бөлүмүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *