Меню Закрыть

ЧЕТ ТИЛДЕРДИ ҮЙРӨНҮҮ- ЭНЕ ТИЛДИ БАЙЫТАТ, АНЫ АЧЫК, ДААНА, ИЙКЕМДҮҮ, КӨРКӨМ КЫЛАТ. (Н.К.КРУПСКАЯ)

21-февраль — «Эл аралык эне тил күнүнө» карата англис тили сабагынын окутуучулары Венера Асанова, Марина Дюшекова жана «Америка Борборунун» волонтерлору Mr. Conor, Mr. Abdul жана Mr. O.Dhongsu менен биргеликте тегерек стол уюштурулду.
Аталган иш-чараны студенттер кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз менен баштап, ыр-бийлер менен шаңга бөлөшсө, ал эми волонтерлор «Дүйнөдөгү эң көп колдонулган тилдер» аталышындагы видео-ролик көрсөтүп, өз тилдериндеги өзгөчөлүктөргө басым жасашты.
Мындай биргелешип уюштурулган иш-чара кызыктуу талкуу жаратып, узакка созулган маек менен коштолду.
Активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *