Меню Закрыть

Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЮШТУРУЛГАН ИШ-ЧАРА УЛАНУУДА

Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы иш-чара уланууда….
Нарын педагогикалык колледжинде «Чет тили» жана «Дене тарбия» адистигинин студенттери «Чынгыз Айтматов — аалам жылдызы» аталышында Лира Айтбек кызынын жетекчилиги астында тарбиялык саат өтүштү.
Таланттуу студенттер көрүүчүлөрдү Айтматовдун чыгармачылык ааламына кошо жетелеп, чыгармаларындагы каармандардын образын дал өзүндөй аткарып, монологду ийине жеткире айтышты.
Тарбиялык саат ыр, бий менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды.
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *