Меню Закрыть

Бош жумуш орундары жана кесиптик жарманкеси

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалуу драма театрында бош жумуш орундары жана кесиптик жарманкеси болуп өттү.
Жарманке Нарын райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, КР билим берүү жана илим министрлиги, Нарын шаарынын мэриясы жана JIA бизнес ассоциациасы тарабынан уюштурулуп, өнөр жай, соода, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелери катышты.
Аземге НМУнун ректору Э.М.Байбагышев, Салымбеков университетинин директору А.Абдыбачаев, Аалам мектебинин директору Ж.Кабылбек уулу жана Нарын педагогикалык колледжинин жетекчилиги катышып, иш-чара кесипкөй адистерге, жумуш издөөчүлөргө жумушсуздук менен күрөшүүдө чоң пайдасын көрсөтүп, жакшы мүмкүнчүлүк берээрин белгилешти.
«Ийгиликтин ачкычы — изденүүдө», «Кесипкөй адам — мамлекеттин келечеги», «Илим издегенди, билим издейт» аталышында суроо-жооп аркылуу талкуу жүргүзүлүп, ишкерлер тарабынан мастер-класстар өткөрүлүп, жарандарга ишке орношуу, кесиптик даярдоо, иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.
Жарманке окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу максатын көздөдү.
Талкууга активдүү катышкан студенттерге JIA бизнес ассоциациясы кызыктыруучу белектерин тапшырды.
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *