Меню Закрыть

А.САДЫКОВ ОРТО МЕКТЕБИНИН ПАРЛАМЕНТ МҮЧӨЛӨРҮ НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КОНОКТО

Нарын педагогикалык колледжинин «Лидер» клубунун мүчөлөрү Нарын шаарындагы А.Садыков атындагы орто мектебиндеги окуучулардан түзүлгөн парламент мүчөлөрү менен жолугушту. Аталган жолугушууда окуучулар менен биргеликте иш алып баруу боюнча бир катар максаттар пландалды.
Окуу жайдын директору К.Асылбеков «максат коюу, ишти пландоо» боюнча мини-тренинг өтүп, парламент мүчөлөрүнө туура максат коюп, аны ишке ашырууда тоскоолдуктарды жеңүү жолдорун көрсөттү.
Жыйынтыгында, студенттер менен окуучулардын ортосунда кызматташтык түзүлүп, кийинки жолугушуу А.Садыков мектебинде өткөрүлөөрү пландалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *