Меню Закрыть

НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ДИРЕКТОРУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Нарын педагогикалык колледжинин директору К.Э.Асылбеков студенттер менен биргеликте жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда «Ийгиликтүү инсан» болуу ченемдери талкууланып, ар бир адам өз максатына жете аларын, болгону каалоо жана талыкпаган эмгек керек экенин баса белгиледи.
Ийгиликтүү инсан болуу үчүн максатты көздөй узак жол басууга даяр болуп, кыйынчылыктарды чыдамакайлык менен жеңе билип, алдыга кадам таштоо зарыл экени айтылды.
Тренингдин соңунда студенттер кайдыгерликти жоюп, активдүү болууга жана алдыга умтулууга максат коюп, мотивация алышты.
  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *