Меню Закрыть

ӨНӨР АДАМЫ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасында КРнын Эмгек сиңирген артисти Саадат Көгөеванын «Саадаттын сахнадагы өмүрү» аттуу адабий музыкалык кечеси болду .
Өнөр секисинде эмгектенип келе жаткан актриса 100 дөн ашык спектаклдерде роль жаратып, эмгеги менен эл оозуна алынган.
Ал М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалык драма театрынын босогосун аттап киргенден баштап, залкарлардан тажрыйба алса, эми минтип шакирт тарбиялап мыкты устат.
Бүгүнкү адабий музыкалык кечеге Саадат Көгөеванын кесиптештери, жакын санаалаштары, күйөрмандары жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышты .
Өмүрү өрнөк актрисанын жараткан ролдору «Архитектор», «Бото көз» спектаклдери келген меймандарга көрсөтүлдү.
Ошондой эле бул кече таланттуу, маданият кызматкерлеринин ыр, тамашалары менен коштолду.
Келген жаш студенттер актрисанын өжөрлүгүнө, талантына, талбаган, эл үчүн кылган эмгегине таң берип, үлгү алчу айым экенин баамдап олтурушту …
      

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *