Меню Закрыть

ЖАШ МУУНДАРГА ҮЛГҮ: АЙНУРА ТАШБОЛОТОВНА БАЛДАР МЕНЕН БИРГЕ АЙТМАТОВДУ ОКУДУ

Нарын шаардык мэриясы жана Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепкананын демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана 2-апрель – «Эл аралык балдар китебинин күнүнө» карата «Айтматовду окуйбуз!» чакырыгынын алкагында «Бал тилдүү балдар жомоктору аянтчасынан жолугалы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
💥 Иш-чарага К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору Айнура Апсалиева катышып, №8 А. Буйлаш уулу атындагы орто мектептин 5 “А” классынын окуучуларына улуу жазуучунун «Чыпалак бала» чыгармасын көркөм окуп берди.
Анын таасирдүү окуусу окуучулардын кызыгуусун арттырып, чыгарманы терең кабыл алууга өбөлгө түздү. Ошондой эле чыгарманын аудио версиясы угузулуп, балдар менен кызыктуу талкуу уюштурулду
💥Активдүү катышкан окуучулар белектер менен сыйланышты.
Бул иш-чара жаш муундарды китеп окууга үндөп, руханий дүйнөсүн байытууда чоң мааниге ээ болду. Айрыкча, Айнура Апсалиеванын катышуусу иш-чарага өзгөчө мазмун жана дем берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *