7-апрель —»Элдик революция күнүнө» карата Нарын педагогикалык колледжинде студенттердин катышуусунда эскерүү линейкасы өткөрүлдү. Иш-чараны окутуучу Нестан Оморова уюштуруп, мазмундуу тарбиялык саат өткөрдү.
Эскерүү линейкасынын жүрүшүндө студенттер 2010-жылдагы апрель окуяларынын маанисин, анын өлкө тарыхындагы ордун жана эркиндик үчүн күрөштүн баалуулугун чагылдырган чыгармаларды окушту. Ошондой эле, мекен үчүн курман болгон жарандардын элесине таазим этилип, алардын эрдиги тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундардын мекенчилдик сезимин ойготуу, тарыхый эс тутумду сактоо жана жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу болду.
