Меню Закрыть

НПК АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БИРДИКТЕ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШ АЛЫП БАРЫШАТ

Нарын педагогикалык колледжинде 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуусу болду. Чогулушка колледждин директору К.Э.Асылбеков, административдик тобу жана ата-энелер катышты.
Чогулушта «Ата Түрк» бала бакчасынын жетекчиси Т.Б.Жунушбаева ата-энелерге » Ата даңкы, эне баркы — балага дем» аталышындагы тренинг өтүп, үй-бүлөдөгү тарбия баланын өсүп-өнүгүшүнө жана туура жолду тандоосуна биринчи өбөлгө экендигин баса белгиледи.
Окуу бөлүм башчысы Ж.С.Кадырова билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр, студенттердин билим сапаты тууралуу маалымат берип, ата-эне менен баланын ортосундагы мээримдүү мамиле окуу процессине да оң таасирин тийгизээрин айтты…
Мындан сырткары колледж тууралуу жалпы маалымат, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердиги, адистиктер, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, тартиби баса белгиленди.
Студенттердин тартип бузууларын алдын алуу максатында милициянын ага лейтенанты Г.У.Уланбекова менен бирдикте тыгыз иш жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жыйын ата-энелердин суроо-жооп, сунуш пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты.
Жыйындын соңунда ата -энелер НПКнын жамаатына, өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *