Меню Закрыть

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ ЗАМАН ТАЛАБЫ

 

Нарын шаарындагы «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик техникалык Академиясынын Нарын облустук филиалында Нарын педагогикалык колледжинин информатика сабагынын мугалими Г.Байдөөлөтова Пи-33, По-23 группасынын студенттерине «Компьютердик графиканы колдонуучу тармактар жана 3D графика» темасында ачык сабак өттү. Сабакта теориялык жана практикалык иштер аткарылды. Студенттер менен биргеликте 3D графикасында иштөөнү практика жүзүндө көрсөтүшүп, 3D принтерден моделдерди чыгарып беришти.
Аталган ачык сабак мыкты деңгээлде уюштурулуп, студенттердин кызыгуусун арттырып, дагы да изденүүгө түрткү берди.
«Алтын Түйүн» Улуттук балдардын инженердик техникалык Академиясынын Нарын облустук филиалынын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *