Меню Закрыть

СТУДЕНТТИК МОБИЛДҮҮЛҮК

Бишкек шаарындагы Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинин студенттери мобилдүүлүк программасы боюнча К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде убактылуу окуп жатышат.
Бул кыска мөөнөттүү окуу, борбор калаадан келген студенттер үчүн өз пайдасын берип, билимин өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө болууда.
Мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер үчүн экскурсия жана практикалык сабактар уюштурулууда.
Ал эми бүгүнкү экскурсия сабак Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде уюштурулду.

Аталган университеттин окуу ишмердүүлүгү тууралуу студенттер кенен таанышып, кесибине тиешелүү теориялык билимдерин «Машыгуу залында» практикалашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *