Меню Закрыть

«Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун мониторинги

Нарын педагогикалык колледжинде «Автоматоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистиги боюнча эксперименталдык билим берүү программасы иштелип чыкты.
Аталган программа социалдык-инсандык жана кесиптик компетенцияларын калыптандырууга багытталып түзүлдү.
Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун максаттарынын бири билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана компетенттүүлүк мамиленин негизинде билим берүү процессин түзүү эсептелмекчи. Мына ушунун негизинде АӨБнын «Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун координатору, эксперт Ж.К.Бөкөнбаеванын көзөмөлүндө «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистиги пилоттук адистик катары мониторингден өттү.
Ортодогу келишимдин негизинде «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облусундагы филиалы жана «Ынтымак» балдар бакчасынын методисти Т.О.Жузубалиева жумуш ордунда окутуу талабынын негизинде, студенттерге теория менен практиканы айкалыштырып, мыкты деңгээлдеги мастер класстарды уюштуруп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *