Меню Закрыть

«САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК» ТРЕНИНГИ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында уюштурулган «Санариптик сабаттуулук» аталышындагы тренингди Сагынбүбү Кулманбетова Нарын педагогикалык колледжинин окутуучуларына уюштурду.
Тренингде санариптик ыкмалар, медиа сабаттуулук, санариптик платформалар жана башка мугалимдердин ишмердүүлүгүн жеңилдете турган программалар окутулду.
Мында окутуучулар санарип куралдарды ишенимдүү колдонуу үчүн зарыл болгон негизги билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрө алышат.
Тренинг көбүнчө интерактивдүү иш-аракеттерди, викториналарды жана окууну бекемдөө үчүн баалоолорду камтыды.
Окутуучулардын билимин жогорулатууга кошкон салымы үчүн «Келечек үчүн билим берүү» долбооруна жана өзүнүн зор тажрыйбасы менен бөлүшкөн тренер С.М.Кулмамбетовага Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулук курамы терең ыраазычылык билдирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *