Меню Закрыть

НПКда Davis Cooper конокто.

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинен (УЦА) студенттик турмуштун кенешчиси Davis Cooper келип, Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине «English Talking Club» (англисче баарлашуу клубун) уюштуруп, англис тилинде кенен маек куруп, ой бөлүшүп, кызуу талкуу жүрдү. Ал эми Нарын районундагы Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин мугалими, Борбордук Азиядагы Америка университетинин магистрант стипендианты Н.Рахматова «Болочоктогу жаш мугалимдерге окутуунун жаңы методикасы кандай болуш керек? » деген темада өзүнүн методикасы менен бөлүштү. Балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу үчүн эң жөнөкөй мисалдарды келтирип, келечектеги кесибине колдонуусун сунуштады.
Студенттер активдүү катышып, кийинки жолугушууну пландашты. Бул жолугушуу «Чет тили» адистигинде окуган студенттер үчүн кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө жакшы практика болду.
       

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *