Меню Закрыть

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУП ОТЧЕТ БЕРДИ

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана депутат Кубанычбек уулу Нурбек жыл жыйынтыктап, эл менен жолугушуу өткөрүп, жыл ичинде жазалган иштеринин отчетун берди.
Эл менен жолугушуу К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде уюштурулуп, ага жалпы окутуучулар жана кызматкерлер катышты.
Алгач Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы А.Молдосалиевдин Нарын шаардык Кеңеши тарабынан 2023-жылда аткарылган иштер боюнча маалыматы угулуп, андан соң Нарын шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору коомдук угууга коюлду. Келген катышуучулар арасында чөлкөмгө тийиштүү болгон таштанды чыгаруудагы көйгөйлөр, түнкү жарыктандыруу, жылуулук берүүдөгү жаралган жагдайлар ж.б. маселелер боюнча суроолор жана көйгөйлүү маселелер айтылып, тийиштүү жооптор берилди.
Маалымат үчүн айта кетсек, 2024-жылы ЕРӨБ аркылуу 6,5млн евро каражаты бөлүнүп, Нарын шаарынын РТС чөлкөмү жана Батыш чөлкөмүндө саркынды суу (канализация) тартуу иштери башталып, Жаңы -Жол аймагындагы саркынды сууларды чыпкалоочу жай толугу менен реконструкцияланмакчы…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *