Меню Закрыть

НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙНАЛЫШЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын педагогикалык колледжинде «Жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу «, «Өспүрүрүмдөргө жасалган зордук-зомбулук» -деген аталышта ата — энелер үчүн жыйналыш болду. Шаардык деңгээлде уюштурулган бул чогулушка калаабыздагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, дин өкүлү жана ата энелер катышты. Учурда 18 жашка толо элек балдардын эрте никеге туруусу — бул кылмыш иши катары каралса , зордук-зомбулук көрүп чоңоюп келе жаткан балдардын келечеги туңгуюк болуп жатканы чогулушта көйгөйлүү маселе экени талкууланды.
Ошондой эле өлкөбүздө балдарга карата иштелип чыккан мыйзам менен таанышууга жана балдарды камкордукка алууга ата-энелер милдеттендирилди. Ошондой эле ата- энелер да окуу жай менен тыгыз байланышта иш алып барып, балдарынын таалим-тарбиясына тыкыр көңүл бураарын убадалашты .
НПК медиа борбору

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *