Меню Закрыть

НАРЫН МАМЛЕКТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН КЕНЕН ОЙ БӨЛҮШӨТ

Нарын педагогикалык колледжинин студенттери менен бирге уюштурулган конок лекцияга С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору профессор Э.М.Байбагышов XXI кылымдын эң көйгөйлүү маселеси болгон «Экологиянын бузулушу жана калдыктарды кайра иштетүү» темасынын айланасында маек курду. Таштандылардын адам ден соолугуна тийгизген кесепеттери жана экологиянын бузулушун алдын алуу чаралары тууралуу жаштардын көз карашына назар салды. Мында полиэтилен баштыктарынын көптүгү жана аларды кагаз баштыкка алмаштыруу зарыл экендигине кенен токтолду.
Андан соң профессор окуу жайдын өнүгүүсүнө студенттердин салымын жана атаандаштык ийгиликке карай өнүгүү жолу экенин баса белгилеп, студенттерге шык берди.
Соңунда окуу жайдын жетекчилиги Э.М.Байбагышовго ден соолук каалап, ыраазычылык кат тапшырылды.
       

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *