Меню Закрыть

МОТИВАЦИЯ — МАКСАТЫҢА ЖЕТЧҮ ЖОЛ

Нарын райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана Бизнес ассоциация JIA тарабынан Нарын педагогикалык колледжинин жалпы студенттерине кесипке багыттоо боюнча тренинг уюштурулду.
Бизнес Ассоциация JIA Ишкердик менеджери Райымкулова Бурулсун Райымкуловна студенттер менен кенен ой бөлүшүп, карьераны туура тандоо, максат коюунун мыкты жолу болгон SMART техникасын колдонуунун ыкмаларын, убакытты туура пайдалануу жана адамдагы баалуулук сапаттар жөнүндө кенен баарлашып, өзүн-өзү тарбиялоого, кыйынчылыктардан коркпоого багыт берди.
Ал эми Арунов Төрөбек Абдыразакович жумуш издөө каналдары, жумушка орношоордо эмнелерге көңүл буруу зарыл жана профессионалдык салмак туурасында айтып, мотивация берип, студенттердин келечекке болгон максаттарын ойготту.
Студенттер аталган тренингге активдүү катышып, баалуу белектердин ээси болушту.
Медиа борборунун кабарчысы: Каниет кызы Мээркүл. Д-11 группасы
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *